Эй, адамдар! Жер жүзүндө болгон адал нерселерден гана жегиле, шайтанды ээрчибегиле. Чындыгында ал силерге анык душман.
(Куран, Аль-Бакара, 168-аят)
Башкы Артка Кыргыз Русский
Пресс-клуб
Дүйнөлүк
Кыргызстан
Интервью

Дин
Куран
Хадистер
Китептер
Макалалар
Илим
Фыкх
Жаңы мусулмандар
Тарбия
Кайрымдуулук
Ыйман сабактары
Адеп-ахлак
Өзгөчө күндөр

Башка ишенимдер
Жалпы түшүнүк
Буддизм
Дарвинизм
Хиндуизм
Христиандык
Иудаизм
Кадианизм

Тарых
Ислам тарыхы
Пайгамбарлар
Сахабалар
Аалымдар

Кызматтар
Долбоорлор
Форум
Видео
Аудио
Ыхтыярдуу жардам
Аалымга суроо
Дуа
Диний сөздүк
Даректер
Галерея
Намаз убакыттары
Уюлдук телефондорго
Е-куттуктоо
Презентация
Биз менен байланыш
Мыктыбек Арстанбек

Менин мамлекеттен өткөн каттоо кагаздары боюнча аты- жөнүм - Батырбеков Мыктыбек Арстанбекович, 1965 жылы 7-сентябрда Фрунзе шаарында студенттердин үй-бүлөсүндө жарыкка келиптирмин. Чоң энем Саламат, мени он беш күндүгүмдө айылга (Сузак районунун Кызыл-Багыш айылына) алып кетиптир. Айылдык Жаңыбай деген молдого азан айттырып. Атымды Ибрагим койдуруптур. Бирок, мени бул ат менен өтө эле аз чакырышкандыктан, мен турмуш протоколума официалдуу ат менен гана кол койо бериптирмин.
Балалыгым чоң энемдин этегинде өттү, жадакалса мен чоң энемдин эмчегин эмгенде сүт да чыгып кетиптир, (!) ал кезде чоң энем 50дөн өткөн курагы экен. Айылдык мектепте окудум, кадыресе балдардай эле эстелик толтуруп, күнөдүлүк жазчумун. Эл айтымында өтө шок болгондуктан көп мушташчу экенмин, урсам да таяк жесем да чоң болуша берип, «кемпирдин баласы» атагыпмын. Мектепи жакшы аяктадым, эл катары борборго окууга аттандым, алгач Фрунзедегеи автодорожный техникумун эки жолку айдалуу менен (биринчинде сабакты калтыра берип, экинчисинде дагы эле болсо шоктугуман) бүтүрдүм. Андан соң армия, анан Фрунзедеги политехникалык институттун босогосун аттадым. Айтмакчы, мен бир эле убакта бир эле окуу жайга кирип, (политехникалык институт жыл сайын атын өзгөртүп отуруп) беш жогорку окуу жайын бүтүргөндөй боло алдым.
Он тогуз жашымда үйлөндүм, турмуш келишпегени – эки перзентүүболгонума карабай алгач жубайым менен ажыраштым. Бул ажырашуу мага чоң сабак боло алды. Кийинки курган бүлөөлөрүмө болгон мамилем өтө олуттуу жана бекем орноду.
Институтта окуп жүргөндөн эле кыргыз телекөрсөтүүсүнө иштеп калдым, бул менин турмушумдагы экинчи баскыч болду. Элге башым көрүнүп, сөзгө алына баштаганыма карабай негедир көңүлүм кыжаалат боло берди. Ай аралап жылдар сызат, акыры мен Аллахтын динине баш ийип тындым. Арадан аз эле убакыт өткөндөй болот, бирок мурдагы караңгылыкка кайтуу тууралуу ойдун өзүэң оор азаптан ашат.
Азыр, жети балам бар, азыр кудайдан ата-энеме бакубат карылык, бир туугандарыма ыйман, жубайларыма, балдарыма такыбалык, эли-жериме тынчтык, өзүмө ырыс-кешиктүүперзенттерди дагы сурап турган чагым.
Ошентип, мен кемпирдин баласы катары айылда чоңоюп, дүйнө таанымым кыргыз менталитети, көз карашым Ислам менен калыптангандыктан өзүмдүн жупуну персонама сиздердин баалуу убактыңарды байлагым келбеди.
Мыктыбек Арстанбек
(0312)659243
ajike@mail.ru
ajike@islam.kg















Издөө


Жаңылар
Эң акыркы материалдар
Оюн: билимиңизди сынаңыз
Информация
Башталгыч бет кыл

Online коноктор: 8
08:15 - Жекшемби
20, Май, 2012ж.
, , 1428х.

Үй-бүлө
Жаштарга насыйкат
Нике
Суроо-жооп
Пайдалуу кеңештер
Ден-соолук
Талак

Исламда аялзат
Коом
Дин
Акырет
Үй-бүлө
Укук

Коноктор китеби
Атыңыз:
email:
Катыңыз:

  
Каттарды окуу





счетчик посещений
счетчик посещений с 05.04.07
All rights reserved   |   Баардык укуктар корголгон   |   www.islam.kg © 2006-2007   |   Board version: 1.3